Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Казакстанда укук коргоочунун соту башталды


Укук коргоочу Евгений Жовтис жана анын адвокаты Шолпан Баткалова, Алматы, 25-август 2009-жыл
Укук коргоочу Евгений Жовтис жана анын адвокаты Шолпан Баткалова, Алматы, 25-август 2009-жыл

Хьюман Райтс уоч эл аралык укук коргоо уюму казакстандык белгилүү укук коргоочу Евгений Жовтистин соту адилет өтүүгө тийиш деп үндөдү.

Евгений Жовтис адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн күнөөлүүнүп жатат.

Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун директору Евгений Жовтис быйыл 26-июлда Алматы-Карой автожолунда жөө жүрүүчүнү коюп кеткендиги үчүн соттолуп жатат. Күнөөлүү деп табылса, укук коргоочу 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Хьюман Райтс Уоч (HRW) эларалык укук коргоо уюму Казак бийлигине кайрылып, бул сот ишин саясий максаттарда пайдаланууга жол бербөөгө, процесстин адилет жүргүзүлүшүнө чакырды. Хьюман Райтс ошондой эле Казакстанда бийликтин оппоненттери куугунтукталган фактылар буга чейин катталып келгенин эске салат.

Кырсыктан кийин алынган анализдерге ылайык, Жовтистин канында алкоголь жок болуп чыккан. Окуя болгон жерди иликтеген милиция кырсыкка мас адамдын жолго капысынан чыга калышы алып келген деген жыйынтыкка келген. Бирок бийликтин буйругу менен өткөрүлгөн экинчи текшерүүдөн кийин Жовтистин канында алкоголь табылып отурат. Жана бул жолу милиция айдоочунун кырсыкты алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар болчу деген тыянак чыгарып берди.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары өкмөт учурдан пайдаланып, Жовтисти анын ишмердүүлүгү үчүн жазалашы мүмкүн деп чочулашууда. Ал Казак бийликтерин адам укуктарынын бузулуп жатышы үчүн тайманбай сындачу.

Казакстандык саясий талдоочу Айдос Сарым сот процессинин жыйынтыгы Казак өкмөтүнүн позициясына багыңкы болмокчу деген ойдо.

Бийликтер болсо бул иштин артында саясат турат деген ырастоолорду четке кагышууда.

- Жовтис жол кырсыгы үчүн айыпталса да кайра эле Улуттук коопсуздук комитети күнөөлөнүп жатат. Бул – акылга сыйбас нерсе. Акыл-эси ордундагы адам кантип ошентип айтсын. Биз эмне кимдир бирөөлөргө маңзаттарын берип туруп, аларды бийликти сындаган адамдардын машиналарынын алдына түртүп жатабызбы? - деди Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Кенжебулат Бекназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда.

Казакстанадагы адам укуктарынын абалына эл аралык уюмдар жакындан байкоо салып турушат. Эмне дегенде, эмки жылы өлкө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылмакчы.

XS
SM
MD
LG