Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

И. Абдыкадыровдун баш коргоо чарасы өзгөрдү


Биринчи май райондук соту түрк бизнесменин өлтүрдү деп шектелип жаткан Ильяс Абдыкадыровдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул ишке тиешеси бар деп мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун да айыпталып жаткандыгы маалым. Айыптоочунун ырастоосунда, Аликбек Жекшенкулов Абдыкадыровго белгисиз кырдаалда өзүнүн сыйлыкка алган куралын берген. Бирок азырынча куралды берүү фактысынын мотиви далилдене элек. Ильяс Абдыкадыров буга чейин 2 жолу сот инстанцияларында акталып чыгып, кайра кармалган. Анын жактоочусу Абдыкадыровдун күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө негизделген алибиси бар экендигин билдирип, аны камакка алуу негизсиз экендигин билдирди. Буга байланыштуу жактоочу сотко айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы менен кайрылган. Сот арызды айыптоочунун каршы болгонуна карабастан канааттандырды.(AzK)

XS
SM
MD
LG