Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Кайрадан баллистикалык текшерүү


Кечээ Биринчи Май райондук соту Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасын кайрадан баллистикалык текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берди. Буга А. Жекшенкуловдун адвокаты мурда жүргүзүлгөн баллистикалык экспертизага ишенбестигин билдирип, сотко кайрылуусу негиз берди. Кечээ болуп өткөн сот жараянында күбө катары көрсөтмө берген тергөөчү Кадыркул Сарыбаев Аликбек Жекшенкуловдун белекке алган куралын түрк ишкерин өлтүргөн кишиге кандай шартта бергени такталбагандыгын билдирди. Кадыркул Сарыбаевдин айтуусунда мурдагы тышкы иштер министрине “түрк ишкерин өлтүрүүгө катышы бар” деген айып, анын тапанчасын баллистикалык экспертизадан өткөргөндөн кийинки натыйжага карап коюлган. Ушул эле сот жараянында көрсөтмө берген ИИМдин эксперт-криминалисти Виктор Аванесов А. Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган ок менен түрк ишкери өтүрүлгөн ок бирдей болуп чыккандыгын белгиледи.
Аягында сот Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасын кайрадан баллистикалык текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берди. Адвокат Нина Зотованын журналисттерге билдиргени боюнча баллистикалык экспертиза Орусиядан жүргүзүлүүсү мүмкүн, буга болсо жок дегенде бир ай убакыт кетет.

Аликбек Жекшенкуловго тышкы иштер министри болуп иштеп турган кезде мамлекеттин акчасын максатсыз пайдаланган деген айып да тагылган. Кечээки соттук жараянда буга байланыштуу Эсеп палатасынын кызматкери Э. Абакиров көрсөтмө берип, министрликтин имаратын оңдогоо жумшалган буюмдар “мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамына каршы турарын, бирок мамлекетке эч кандай зыян алып келбегендигин белгиледи.

Экс-тышкы иштер министри, оппозициялык БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Аликбек Жекшенкулов түрк ишкерин өлтүрүүгө катышы бар, деген айып менен 9-мартта камакка алынган. Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу камоо жайында кармалып турган А. Жекшенкулов жакында эле баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камакка алынган.
Жекшенкулов өзү жана анын пикирлештери бул ишти бийлик тарабынан атайын жасалган жалаа деп эсептеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG