Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев «Азаттыкка» кабарлашынча, иш боюнча Исанов айыл округунун участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу кызматынан ашыкча пайдаланган жана журналист Алмаз Ташиевдин саламатчылыгына оор залал келтирген деп айыпталууда. Экөө тең кармалып, учурда тергөө абагында олтурушат.
Ошол эле мезгилде маркум А.Ташиевдин тууган-уруктары жана окуянын күбөлөрү басма сөз өкүлү жети-сегиз милиция кызматкеринин ур-токмогунан улам каза тапкандыгын айтып, алардын бардыгын бирдей жазалоону талап кылышууда.
Мурда маалымдалгандай, 4-июлда катуу токмоктолгон журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай ден-соолугу начарлаган. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ур-токмоктон мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин каза болгон. (АТо)