Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Курал уурдаган 10 адам соттолду


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркинбаевдин маалыматына караганда, Үстүбүздөгү жылдын башталышында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын аймагында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскер бөлүгүнөн Макаров үлгүсүндөгү тапанчалар, Калашников автоматы, жалпысынан 20 курал уурдалган. Аскер прокуратурасы тергеп-иликтөө жүргүзүп, аталган бөлүктөгү курал сактоочу жайда кароолдо кызмат өтөп жүрүшкөн катардагы жоокерлер А.Касмалиев, Э,Макешов, Т.Сулайманов, Т.Солтобаев, Ч.Молдошев, Б.Акунов, Б.Орозалы уулу, М.Жаныбек уулу жана алар менен байланышкан аскер кызматына тиешеси жок А.Садыков, М. Сыдыков өткөн жылы 15-декабрдан 2009-жылдын 9-мартына чейин ок атуучу 20 куралдарды уурдаганын далилдеген. 10-июлда Бишкек гарнизондук соту алардын алдын 2 жыл сыноо мөөнөтү менен артын 13 жылга күчөтүлгөн режимге айыпка жыгып, өкүмүн угузган. (AJ)

XS
SM
MD
LG