Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Түркмөнстандын 100 студенти сабакка келе элек


Борбор Азиядагы Америкалык университеттинде окуган түркмөнстандык 100 студент сабакка келе элек. Бул туурасында Кыргызстанда жайгашкан Борбор Азиядагы Америкалык университеттин пиар менеджери Евгения Романовская «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, азырынча студенттердин кармалып жатышынын себептери так билине элек. Бирок бир себеби - окуу жайдын жеке менчик экендигинде болушу ыктымал. Анткени быйыл Түркмөн бийлиги өлкөнүн студенттери чет жерлерде жеке эмес, мамлекеттик гана окуу жайларда окуусу керектиги тууралуу жобо киргизген. Америкалык университет түркмөн студенттерин бир ай убакыт күтөрүн билдирет. (Azk)

XS
SM
MD
LG