Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Кытайдын Шинжаң чөлкөмүндө жаңы нааразылык


Мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө бүгүн элдин коопсуздугу начарлаганына нааразылык билдирип, 1000дей адам жыйналган. Мунун алдында Үрүмчүдө адамдарга ийне же шпириц колдонуу менен кол салуу фактылары бир нече ирээт катталганы кабарланган эле. Бирок “Синьхуа” агенттигинин маалыматында мына ушундай кол салууга дуушар болгондор саны канча экендиги жана анын себептери тууралуу эч нерсе айтылбайт. Жергиликтүү тургундардын сөзүнө караганда, бүгүн чогулгандар кытайлар. Быйыл июль айында Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын кагылышынан 200гө жакын киши каза тапкан. Бул Шинжаңда этникалык жүйөөдөн улам акыркы ондогон жылдар ичи орун алган эң ири тополоң болду.

XS
SM
MD
LG