Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Журналисттер Ислам темасын чагылдырууну үйрөнүшөт


«Дин, укук жана саясат» иликтөө борборунун жетекчиси Эсен Усубалиевдин маалыматы боюнча журналисттерди Ислам темасына жазууга окутуу иштери жүргүзүлө баштайт. Иш-чаранын максаты маалымат каражаттарында ислам дини боюнча туура жана так маалыматтар жазылуусун камсыздоо. Аталган борбор ошондой эле Кыргызстандагы мусулмандар дин башкармалыгына таандык интернет баракчасын ачуу маселеси менен мамлекетке жана башка уюмдарга кайрылды. Эсен Усубаливдин айтуусунда мындай баракча аркылуу муфтият Ислам дини тууралуу так жана туура маалымат таратууга мүмкүнчүлүк ала алмак.

Буга чейин Кыргызстандагы мечиттердин имамдары Ислам дини тууралуу так маалыматтарга ээ эмес, деген сын-пикирлер айтылып келген. Ал эми дин өкүлдөрү тарабынан журналисттерге карата дин темасын чагылдырууда бейтараптыкты камсыз кыла албайт, диний жактан сабатсыз деген айыптар коюлган учурлар кездешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG