Өмүрбек Бабанов кечээтен бери өткөн жылы жер титирөөдөн кыйрап калган Нура айлындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышууда. 1-вице-премьер министр бүгүн жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын арыз-талаптарын укмакчы. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Август айынын башында Нуралыктар турак-жай курулушу өтө жай жүрүп жаткандыгына нааразылыгын билдиришип, Ош-Эркечтам жолун тосушкан. Алар менен КР курулуш жана архитектура агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев жолугушуп, 5-сентябрга чейин курулушту аяктоого сөз берген.
Алай районунун Нура айлы аба-ырайы катаал аймактарга кирет. Нура айлында өткөн жылы 5-октябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, айыл тыптыйпыл кыйрап калган. Зилзаладан 75 киши набыт болгон.(ZKo)