Түрмөнстан менен Азербайжандын лидерлери Ашхабад менен Баку ортосундагы мамилелердин жакшырышына аракет жасашат. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары кабарлады. Ага ылайык, түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен телефон аркылуу байланышып, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүшкөн. Түркмөнстан менен Азербайжан ортосунда Каспий деңизиндеги чек ара боюнча узактан бери уланып келаткан талаш бар. Буга чейин Түркмөнстан бул маселени эл аралык сотто чече турганын билдирген.