Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жумушсуздуктун жана жакырчылыктын кесепетинен улам өлкө жарандарынын диний топторго кирүүсү көбөйүүдө. “Алардын баары эле “Хизб-ут-Тахрир” уюумуна мүчө эмес. Бул боюнча тыкат иликтөө керек”,-дейт Ошуракунова.
International Crisis Group уюму радикалдык көз караштагы диний агымдарга кирген аялдардын саны Кыргызстанда өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирген. Алардын маалыматына караганда, «Хизб - ут-Тахрирге» мүчөлөрдүн саны 8 миң болсо алардын 2 миңден ашууну аялдар экен. Аталган уюм аялдардын диний топторго кирүүсү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат деп эсептейт. (AJ)