Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Мугалимдер таңсыктыгы боюнча дарс болот


АКШдагы Колумбия университетинин профессору Гита Штайнер-Хамси Кыргызстандагы мугалимдер жетишсиздиги жана анын жалпы билим берүүгө тийгизген таасири боюнча дарс окуйт. Иш-чара 14-сентябрда Борбор Азия университетинде өтөт. Анда негизинен Улуттар уюмунун Балдар кору – ЮНИСЕФтин соңку иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырат. Иликтөөгө ылайык, мугалимдер жетишсизди маселеси он бир көрсөткүч менен иликтенген. Мурдагыдай салтка айланып калган мугалимдердин сандык гана таңсыктыгы эмес, мектептерде көп сабактарды квалификациясы жок, эмгек эргүүсүнө эбак чыккан мугалимдердин бериши сыяктуу көрсөткүчтөр да каралган. Билим министрлигинин билдиришинче, азыр өлкө мектептеринде үч миңден ашуун адис жетишпейт. (EBM)

XS
SM
MD
LG