Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

ЕККУ экономикалык журналистика боюнча окутууда


Бүгүн Таласта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) көмөгү менен экономикалык журналистика боюнча эки күндүк семинар башталды. Ага жергиликтүү он беш журналист катышып жатат жана семинарды Жогорку Кеңештин эксперти өткөрүүдө. ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарийдин айтымында, экономикалык статистикалар жана өнүгүү агымдар тууралуу маалыматты алуу жана таркатуу өлкөнүн экономикалык турмушуна чоң таасирин тийгизет. Мындай курстар өлкөнүн экономикалык саясатын жана дүйнөдөгү экономикалык жараяндарды жакшылап түшүнүүгө жардам берет. (EBM)

XS
SM
MD
LG