Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жалал-Абат облусу 8 айдын жыйынтыгын чыгарды


Облустук жыйында бүгүн айтылгандай, өнөр жай өнүмдөрүн өндүрүү төмөндөөдө. Электр тогу менен жабдууларын, шаймандарын чыгаруу 67-88 пайызга орундалган. Облус өнөр жайынын 17 түрүнөн артта. «Макмал алтын» кенинде 30 килограм алтын кем өндүрүлсө, Майлуу-Суу электр лампалары ишканасында абал оңолбой, жумушчулар азайган. «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун табийгый газынын баасы үч эсе арзан болгону менен Майлуу-Суу лампа заводу жана «Кыргызгаз» ишканасы аны сатып албай койгон. Облколлегия Жалал-Абат, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо аймак башчыларына эскертүү жарыялады. Губернатор К. Масиров сентябрь айынын тапшырмасын үзгүлтүккө учураткан аким-мэрлер кызматынан бошотулушу мүмкүн экендигин кулак кагыш кылды. (YA)

XS
SM
MD
LG