Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Орусия Грузияга эскертүү жасады


Орус тышкы иштер министрлиги бул ирээт Грузияны эгер ал Абхазияны деңизден блокадалоону уланта бере турган болсо, Орусия менен дагы бир аскерий каршылашууга тушугуу тобокелчилиги бар экенин эскертти. Министрликтин “Интерфакс” агенттиги бүгүн тарткан билдирүүсүндө “биз Тбилиси нейтралдык сууларда адилетсиз аракеттеринен баш тартуусун талап кылабыз” деп айтылат, Грузия жикчил аймагы катары санаган Абхазия бийликтеринен айтымында,Тбилиси быйыл Кара деңизден 23 кеменин жолун бууган. Грузия болсо ал кемелер аймакка мыйзамсыз кирди деп ырастайт.

XS
SM
MD
LG