Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Евробиримдик Ооганстандагы бомбалоонун натыйжасына өкүнөт


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери өкүнүүсүн Талибандын согушкерлери карактап кеткен, күйүүчү май тарткан автоунааларга НАТОнун учактары абадан жасаган сокку учурунда жөн-жай оогандар да каза тапты деген маалыматтар айтылып жаткан учурда билдирди. Стокгольмдагы жыйында Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер ооган бийликтери өлгөндөрдүн жалпы саны 90го чейин жетүүсү мүмкүн экендигин айтып жатышкан бомбалоону “чоң жаңылыштык” деп атап, окуяны иликтөөгө чакырды. Бирок өлгөндөрдүн канчасы согушкер, канчасы жөн-жай тургун экени азырынча так белгисиз. Мурдараак Ооганстандын Кундуз провинциясында орун алган бомбалоонун кесепеттерине “олутуу камтамачылыгын” АКШ да айткан.

НАТО бул аба соккусу кандай жагдайларда жасалганы боюнча толук иликтөө жүргүзүлөрүн билдирүүдө. Ооган президенти Хамид Карзай өз билдирүүсүндө жөн-жай тургундарды бутага алуу “кабыл алынгыс” экенин белгилеп, окуяны иликтөө боюнча комиссия түзгөнүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG