Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Кытайда тополоңдон соң аймактык жетекчилер иштен алынды


Кытай Компартиясынын Шинжаң –уйгур автоном районун борбору Үрүмчү шаары боюнча катчысы Ли Чжи жана коомдук коопсуздук министрлигинин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Лю Яхоуа кызматтарынан бошотулганын мамлекеттик “Синьхуа” кабар агенттиги маалымдады. Бирок маалыматта алардын иштен бошотулуусунун себептери айтылбайт.

Мунун алдында кытайлардын шаардагы баш аламандыгынан беш адам мерт болгон. Ханзулар шаарда ийне менен кол салуу фактылары орун алып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан болчу. Алар Компартиянын Үрүмчү боюнча катчысынын кызматтан кетүүсүн да талап кылышкан. Кытайдын коомдук коопсуздук боюнча министри Менг Цзянчжу бул кол салуулар үчүн уйгур жикчилерин айыптады. Бул аралыкта бүгүн Үрүмчүдөгү абалды миңдеген кытай аскерлери танкттардын жардамы астында көзөмөлдөп турду.

Мындан туура эки ай мурда Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусунан 200дөй киши каза тапкан. Бул Шинжаңда этникалык жүйөөдөн улам акыркы ондогон жылдар ичи орун алган эң ири тополоң болгон.

XS
SM
MD
LG