Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Чоң жыйырманын тобу экономиканы колдоону улантат


Дүйнөнүн бай жана өнүгүп келе жаткан 20 өлкөсүнүн каржы министрлери экономикадагы оңолуунун белгилерине карабай ага каржылык колдоо көргөзө берүүнү макулдашты. Лондондогу кечээги жыйындан кийин жасалган жарыяга караганда, Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөр экономиканы стимулдаштыруу боюнча чараларды андагы оңолуу бекемделмейинче улантат.

Британ премьер- министри Гордон Браун кечээги жыйында дүйнө лидерлери экономиканы стимулдаштыруу үчүн жалпысынан 5 триллион доллар убада кылганын, бул акчанын жарымынан көбү али ажыратыла электигин айтты.

Глобалдык экономика Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор рецессиядан акырындап чыга баштаганын Эл аралык валюта кору билдирүүдө. Бирок дүйнөлүк экономика өсүү жолуна келерки жылы түшкөнгө чейин, быйыл 1%дан ашуунга төмөндөөрү күтүлүүдө.

Чоң жыйырманын тобуна өнүккөн өлкөлөрдөн тышкары Бразилия, Кытай, Индия, Орусия, Түркия өңдүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да кирет.

XS
SM
MD
LG