Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

АКШнын өкүлү Түндүк Кореянын билдирүүсүнө камтама


АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Пхеньяндын өзөктүк бомба жасоонун экинчи жолуна жакын калгандыгы жөнүндөгү ырастоосу боюнча тынчыздануусун айтты.

Стивен Босоурт бүгүн коңшу Түштүк Кореянын борбору Сеулда жүргөн учурунда белгилегендей, Түндүк Корея өзөктүк куралга умтулуусун кайрадан көргөздү. Америкалык дипломаттын айтымында, Түндүк Кореянын уран байытуу боюнча маалыматтары “түшүндүрмөнү” талап кылат. Пхеньян кечээ уран байытуу ишинин акыркы баскычына чыкканын жарыялаган.

Уран байытуу менен Түндүк Корея өзөктүк бомба жасоонун жаңы жолуна ээ болот. Анын буга чейинки белгилүү программасы плутонийге негизделген эле.

XS
SM
MD
LG