Венесуэланын президенти Уго Чавес Түркмөнстанга иш сапары менен келди. Ашхабадда Уго Чавес түркмөн лидери Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушат. Тараптар энергетика тармагында кызматташтык тууралуу сүйлөшөрү кабарланууда. Түркмөнстанга сапары алдында Уго Чавес Тегеранда болду. Анда октябрдан тарта Венесуэла Иранга мунай продуктуларын жеткирүү тууралуу макулдашылды. Түркмөнстандан кийин Уго Чавес Орусияга жол тартмакчы.