Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

Жаштар уюмдары кол тамга топтоодо


Кыргызстандагы жаштар уюмдары өлкө башчысынан норвегиялык укук коргоочу Ивар Далени Кыргызстанга кирүүгө тыйуу салууну жокко чыгарууга чакырып жогорку бийликке жазылган көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча кол тамга чогултууну баштады. Ивар Дале 2006-жылы Бишкекте Норвегиянын Хельсинки комитетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн ачуу үчүн келген. Аны укук коргоо органдары Кыргызстанда уруксаты жок иш жүргүзгөн деп өткөн жылы октябрь айында өлкө аймагынан чыгарып, 10 жылга чейин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан киргизбөө тууралуу чечим чыгарган. Буга чейин чет өлкөлүк адам укуктарын коргоочулар Виталий Пономарев, Евген Глибовицкий дагы мамлекеттик чек арадан өткөрүлбөй, аларга он жылга чейин Кыргызстанга кирүүгө тыйуу салынган. Бул тууралуу маалыматты Liberal.kg сайты таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG