Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

УКМК башчысы Москвадагы жыйынга катышты


Орусиянын президентинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2-3-сентябрда Москва шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмесине президент Дмитрий Медведев катышты. Орус президенти бүгүнкү күндө экономикалык кризистин таасиринен улам пайда болуп жаткан коопсуздукка коркунуч туудурган глобалдык маселелерди чечүүгө бир мамлекеттин коопсуздук тармагынын күчү жетүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеген. Маалыматка караганда, кеңешмеде маалымат алмашуу, ыкчам аракеттеги иш чараларды биргелешип өткөрүү, террорчулукка, экстремизм, чек аралар аралык кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция, баңги заттарын сатууга каршы биргелешип күрөш жүргүзүү маселеси каралган. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов катышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG