Бул тууралуу Баткендеги 2022 чек ара отрядынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Мындан он жыл мурда Баткен окуясынан кийин гана түзүлгөн Чек ара кызматы октябрь айында он жылдыгын белгилейт. Иш чарага байланыштуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражатттары үчүн чек арачынын жашоосун чагылдыруу боюнча конкурс жарыяланып, окуя алгач башталган Зардалы айылындагы чек ара бөлүгүнүн турмушу менен таныштыруу каралган. Бүгүнкү күндө Баткен чек арачылары жалпысынан 422 чакырымды көзөмөлдөшөт, анын ичинен 296 км Тажикстан, 71 км Өзбекстан менен чектешкен. (JsA)