Быйылкы жарым жылда атайын диагностикалык аппарат аркылуу 307 бала текшерилип, анын ичинен 16 бала кургак учук менен ооругандыгы аныкталды. Облус боюнча кургак учук менен ооругандардын саны 129 га жетти. 107 - чоң адам, 16 бала, 6 өспүрүм. Саламаттык сактоо адистеринин айтымында союз мезгилиндей бала бакча, мектеп окуучуларын тез-тез көзөмөлдөп турса болмок, бирок аны ишке ашырууга көптөгөн каражат керектелет, аны облустук бюджет көтөрө албайт. (UA)