Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Иран атомдук программасын улантат

Президент Махмуд Ахмадинежад Иран атомдук программасынан баш тартпайт жана андай "талашкыс" укугун талкуулабайт деп билдирди. Иран сүйлөшүүлөргө даяр, бирок анда глобалдуу проблемалар козголууга тийиш, - деди ал Тегерандагы пресс-конференцияда. Батыш Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө. Иран бийлиги болсо атомдук программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастап келатат. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия Иран сентябрга чейин сүйлөшүүлөргө көнбөсө, өлкө мындан да катаң санкцияларга туш болот деп эскерткен. Бул аралыкта Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик (IAEA) мекеменин директору Мохамед Эл-Барадеинин докладын талкуулоого киришти. Докладда Ирандын агенттик менен кызматташпай жатканы белгиленген.
XS
SM
MD
LG