Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Чавес Түркмөнстанды газ картелине кошулууга үндөдү


Венесуэла президенти Уго Чавес Ашгабадды газ өндүрүүчүлөрдүн болочок картелине кошулууга үндөдү. Түркмөнстанда расмий сапар менен жүргөн Чавес мындай демилгени түркмөн лидери Гурбангули Бердимухаммедов менен жолугушуусунда көтөрдү. Венесуэла мунай өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси - ОПЕКктин үлгүсүндөгү газ картелин түзүүнү колдойт. Маселени буга чейин Россия, Иран жана Катар да талкуулашкан. Борбор Азиядагы ири газ өндүрүүчү болгон Түркмөнстан Газ тармагында Иран менен кызматташып келатат, жыл аягында болсо Кытайга газ экспорттой баштамакчы. Буга чейин Иранга барып кеткен Чавес сапарын Россия жана Беларуста улантат.

XS
SM
MD
LG