Бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркел парламентте Ооганстандын Кундуз вилайетинде согушчандарга каршы аба чабуулунун айланасындагы кырдаал боюнча сөз сүйлөйт. 4-августта Ооганстандагы немис аскер командачылыгынын буйругу менен согушчандардын жайларына абадан чабуул жасалган. Германиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, анда 50дөн ашуун киши набыт болгон. Бирок алардын арасында канча жайкын тургун болгону тууралуу азырынча так маалымат жок.