Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

МАГАТЭ Иранды кызматташтыкка чакырды


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселеде туңкуюкка кептелди. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Мохамед ал-Барадей билдирди. Венада МАГАТЭнин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ал-Барадей Иранды эл аралык текшерүүчүлөр менен тыгыз кызматташууга чакырды. Мохамед ал-Барадей Иран өзөктүк бомба жасоонун жолдорун жашыруун үйрөнгөнүн кабарлады. Кечээ (7-августта) Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Тегеран МАГАТЭ менен кызматташууну уланта берерин, бирок дүйнөнүн алдыңкы алты өлкөсү менен өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшпөй турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG