Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында Азербайжан композитору Узеир Хажибековдун “ Көр оглу” операсынын бет ачары болот. Бул чыгарма дүйнөлүк шедеврлердин катарынан орун алган. Эл аралык Түрксой уюмунун долбоору менен коюлуп жаткан бул операны түркиялык режиссер Афлатун Неймадзаде сахналаштырып, спектаклге Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан, Башкортастандын артисттери катышат. “Көр оглу” операсын Бишкектен кийин Алма-Ата, Баку, Түркияда көрсөтүү пландаштырылган. (AJ)