Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Соң-Көлдө милициялардын Көк бөрү мелдеши болду


4-5-сентябрда Соң-Көлдүн жээгинде Нарын облусунун ички иштер бөлүмдөрүнүн арасында Көк бөрү мелдеши өтүп, биринчи орунду Ак талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн улакчылар командасы жеңип, 20 миң сом байге алды. Экинчи орунга Кочкор РИИБ татыктуу болуп 15 миң сом, үчүнчү орунду Нарын РИИБ командасы утуп 10 миң сом байгелүү болду. Бул иш чара Кыргыз милициясынын 85-жылдык мааракесине арналып өткөрүлдү. Ошондой эле Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев тартип коргоо кызматкерлерине жана милициянын ардагерлерине Кыргыз милициясынын 80 жылдыгы медалы жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG