Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы жылдары Кыргызстанда элдин сабаттуулугу төмөндөп бара жатат. Ага оор турмуштун айынан балдардын мектепке эмес, базарга тартылганы себеп болууда.
Кыргызстанда 1920-жылы сабаттуулукту жоюу боюнча ири компания жүргүзүлө баштаган. Бул жылы 9 жаштан 49 жашка чейинки өлкө жарандарынын 3 гана пайызы сабаттуу деп табылса, 1979 жылдары бул көрсөткүч 99 пайызга өскөн. Ал эми учурда калктын сапаттуулугу 99 пайыздан алда канча төмөндөп бараткандыгы байкалат.
Сабаттуулук күнү 1965-жылы ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынган. Анын максаты - били берүүдөгү сабаттуулуктун маанилүүлүгүн баса көрсөтүү болуп саналган. (AzK)