Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына медаль чыкты


Бул тууралуу парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө байланыштуу маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына карата 1000 даана медаль, ар бири 300 рублга жасатылган. “Бул медалдар легендарлуу парламенттен берки 750 депутатка жана Жогорку Кеңеш менен кызматташууга салымын кошкон чет өлкөлүк меймандарга берилет. 70 жылдык маараке 20-ноябрда президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда өткөрүлөт. Салтанаттуу иш чараны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен каражат жумшалган жок”,-дейт К.Исабеков. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына карата кинотасма тартылып, китеп чыгарыларын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG