Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

“Адилет” укуктук уюмунун кызматкерине кысым болду


“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” билдиришинче, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Турат аттуу кызматкери телефон аркылуу клиниканын кызматкери Улан Дастан уулун жолугууга чакырган. УКМКнын каттоо боюросунда өзүн толук тааныштыруудан баш тарткан Турат, Улан Дастан уулуна маалымдоочу катары кызматташып, клиниканын ишмердүүлүгү жана анын жетекчиси тууралуу маалыматтарды чогултуп берип турууну сунуштаган. Мындай сунуштан баш тарткан клиниканын кызматкерин ал ар кандай коркутуп үркүтүүлөр менен телефон чалып, 4-сентябрда клиниканын кеңсесине чейин издеп келген. Буга байлашытуу Чолпон Жакупова УКМКнын жетекчиси Мурат Суталиновго абалды териштирип берүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Кубан Арзыкулов бул маалымат менен интернет аркылуу таанышкандыгын жана учурда бул маселени тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG