2010-жылдын соңуна чейин Кыргызстандагы 459 айыл өкмөтү интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов Жогорку Кеңештин өнөр жай, соода, туризм, кичи жана орто бизнести, транспорт, курулушту өнүктүрүү боюнча комитеттин кеңешмесинде билдирди. “Айылдарды Интернет байланышына кошуу боюнча программа иштелип чыгып, бир жыл аралыгында “Кыргызтелеком” бардык айыл өкмөттөрүн Интернет менен камсыз кылууну пландаштырууда”, - дейт Н.Сулайманов. Маалыматтарга караганда, учурда 60 айыл өкмөтү гана Интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Алардын көпчүлүгү Чүй облусунда жайгашкан. (AJ)