Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

К.Кадыров боюнча депутаттык комиссия түзүлөт


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунуштаган документинде көрсөтүлгөн фактылар боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү чечим кабыл алышты. Комитет Башкы прокуратуранын өтүнүчүн Жогорку Кеңештин отурумуна кезексиз коюу тууралуу чечимге келди.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган комитетке Башкы прокуратура сунуштаган документте, СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыров коомдук-саясий кырдаалды бузуу жана 23-июлда президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында массалык баш аламандыкты уюштуруп, участкалык шайлоо комиссиясынын ишине тооскоолдук кылып, бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган делип көрсөтүлгөн. Депутат Кубанычбек Кадыровго байланыштуу ишти СДП фракциясы саясий куугунтук катары баалашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG