Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

БУУ ооган шайлоосундагы бурмалоолорго каршы


БУУнун Ооганстандагы өкүлү Кай Эйде өлкөнүн шайлоо комиссиясын мыйзам бузуулар менен салынган бюллетендерди санабоого чакырды. 20-август күнкү шайлоодо бюллетендерди уучтап салуу фактылары катталганы жана аларды саноодо эреже бузууларга жол берилген деген шектенүүлөр көп айтылууда. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы 447 участканын бюллетендерин санап бүттү. Добуштардын 74 проценти саналып чыккан маалга карата президент Хамид Карзай 49 процент менен алдыда баратат. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла азырынча добуштардын 32 процентин алганы маалым болду. Карзай 50 процент ала албаса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG