Кытайдын борбордук чөлкөмүндөгү көмүр кенинде газ жарылып, бери дегенде 35 кишинин өмүрү кыйылды. Дагы 44 кенчи жер алдында калууда. Расмий маалыматка ылайык кырсык болгон кенде 93 киши иштечү. 14 кишинин аман калганы кабарланууда. Кытайдын көмүр кендери дүйнөдөгү эң кооптуу кендердин арасына кирет. Бийлик былтыр шахталарда 3 миң 200дөн ашуун жумушчу каза тапканын айтса, көз карандысыз топтор бул сан мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептешет.