Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Ошто Өзгөчө кырдаал министрлигинин окуу борбору ачылды


Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдысамат Паязовдун айтымында, аталган борбор жергиликтүү бийликтин башчыларын, тишелүү адистерди, ошондой эле түрдүү кырсыктардан куткаруучуларды даярдайт жана машыктырат. Мындан тышкары апааттардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чараларын үйрөтөт. Бирок жергиликтүү талдоочулардын пикиринде мындай борбор донорлордун каржылоосу бүткүчө гана өкүм сүрчү эле, ошондуктан аны туруктуу иштетүү жагын ойлонуу абзел. Себеби өлкөнүн түштүгү жаратылыш кырсыктарына ыңгайлуу, ошондуктан бул багытта иштеген аткаминерлерди окутуу бүгүнкү күндүн талабы. (ATo)

XS
SM
MD
LG