Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

И.Исаковго байланыштуу сот 17-сентябрга белгиленди


Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө караганда, анын Бишкек гарнизондук сотунун судьясына ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын 17-сентябрда Жогорку Сот карай турган болду. Белгилүү болгондой Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иш Бишкек гарнизондук сотунда каралып жаткан учурда Исаков, ишти карап жаткан судьяга ишеним көрсөтпөй турганын жарыялаган. Судья арызды четке кагып, Исаковдун Жогорку Сотко арыздануу укугунан ажыраткан. Бирок Конституциялык сот ал укукту калыбына келтирген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG