Грузияда “аткезчилик кылуу аракети менен чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн” деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган түркиялык кеменин капитаны бошотулду. Мехмет Өзтүрк 18 миң доллар айып төлөгөндөн кийин бошотулган. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Тегеранга сапары маалында грузин бийлиги менен капитандын иши тууралуу сүйлөшкөн. Абхазияга мунай ташып бараткан кеме августтун ортосунда Грузиянын аскер күчтөрү тарабынан кармалган.