Түштүк Америкада боло жүргөн катуу куюн апааты 14 кишинин өмүрүн алды. Торнадодон Аргентина, Бразилия жана Уругвайдын бир катар райондору жабыркады. Бразилияда токтобой жааган жаандан сел жүрүп, ири шаарлардын бири Сан-Паулуда жолдор бир нече саатка жабылды.