Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:08

Ооганстанда добуштардын 91 пайызы саналып бүттү


Учурдагы президент Хамид Карзай 54 пайыз добуш алганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат жыйынында билдирди. Карзайдын шайлоодогу негизги атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 28 пайыз добушка ээ болгон. Эл аралык өкүлдөр ооган бийликтерине мандемдүү жерлердин баарында добуштарды жаңылап санап чыгууну же кайталап шайлоо өткөрүүнү сунуш кылышууда. Азыркы президенттин бардык атаандаштары аны мыйзамдуу президент катары тааныгандан эмитен эле баш тартып, жаңы өкмөт менен да эч кандай мунасага барышпай турганын эскертишүүдө. Ооганстанда баары болуп 28 миң шайлоо жайлары түзүлгөн. Азырынча алардын 600дөн ашуунундагы добуштар ырасмий түрдө төгүндөлдү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG