Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Бишкекте ШКУ жыйындары


Бул сапар Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы экономикалык жана тышкы соода ишине жоопкер жетекчилери чогулууда. Кыргызстан тараптан жолугушууга КР экономикалык өнүктүрүү министри Акылбек Жапаров катышат. Аталган министрликтин маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишине жоопкер жетекчилеринин жолугушуусу 10-сентябрда Ала-Арча резиденциясында болот.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын жыйыны башталды. Ал эртең аяктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG