Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

“Манас” аба базасы аркылуу баңзат өткөн учур болгон эмес


Антитеррордук күчтөрдүн аскерий “Манас” аба базасынын жана азыркы учурдагы транзиттик ташуу борбору аркылуу баңзат ташылган учурлар болгон эмес деп билдирди КР баңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Болотбек Ногойбаев. Анын айтуусунда эгер мындай учурлар болгон болсо, сөзсүз билинет болчу.

Быйыл жазында Орусиялык журналист Аркадий Мамонтов Кыргызстандагы “Манас” аскер аба базасы аркылуу Ооганстандан Еввропага баңзат ташылып жатуусу мүмкүн деген жоромолун база тууралуу документалдуу тасмасында айткан. Бул жоромолду кийинчерээк аталган аскер базанын маалымат кызматы жокко чыгарган. Жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча Орусиянын мамлекеттик телеканалы аркылуу таратылган “База” документалдуу фильми орус бийлигинин АКШга каршы жүргүзгөн үгүтү экени ошондо эле байкалган. Кыргызстандык коомчулук ырасында “Манас” аба базасы аркылуу баңзат ташылып жатканына ишенбейт, дейт Мирсулжан Намазалиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG