"Нью-Йорк Таймс" гезитинин журналисти Стивн Фаррелди өткөн ишемби күнү түндүктөгү Кундуз дубанында котормочусу менен кошо талиптер уурдап кетишкен эле. Бүгүн эртең мененки куткаруу операциясында бир британ куткаруучусу менен кошо Фаррелдин котормочусу, ооган журналисти Султан Мунади да окко учту, бирок Фаррел ага кайсы тараптын огу тийгенин билбей тургандыгын айтууда. Кабарчы НАТОнун чабуулунда батымтага алынган эки мунай танкери жардырылып, бир катар карапайым ооган көз жумду деген маалыматты иликтеп жүргөндө уурдалган. Ооганстандын Кунар дубанындагы чабуулда кечээ төрт америкалык аскер окко учкан эле.