Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

К. Кадыровдун макамына байланыштуу комиссия түзүлдү


Курамы жети адамдан турган убактылуу комиссия түзүүгө макулдугун парламенттин 84 депутаты берди. Ага ылайык социал-демократчы депутат Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүнө байланыштуу убактылуу түзүлгөн комиссия жети кишиден турат. Алардын ичинде экөө: Роза Отунбаева менен Ирина Карамушкина социал-демократтар фракциясынан, төртөө: Рашит Тагаев, Алишер Сабиров, Ирина Летова жана Асанбек Байтиков “Ак жол” фракциясынан, ал эми комиссиянын төрагасы Хаджимурат Коркмазов Коммунисттер фракциясынан.
Аталган комиссия депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бир жумада иликтеп чыкмакчы.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлдагы президенттик шайлоодо Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Оппозициялык бириккен кыймыл Балыкчыда баш-аламандыктардын чыгышына добуш берүү учурундагы мыйзамсыздыктарга жол берген жергиликтүү бийликти күнөөлөп, депутат Кубанычбек Кадыровдун айыпталышын саясий куугунтук катары баалашууда.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, ЕККУнун жана демократиянын стандарттарына туура келбеген мүнөздө өткөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана Европадагы эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО биримдигинин Кыргызстандагы добуш берүүгө көзөмөл кылган мүчөлөрү да маалымдашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG