Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Оппозициялык бириккен кыймыл саясий иш-чара өткөрөт


Кыймылдын бүгүнкү кайрылуусунда айтылгандай, азыркы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузууларды тастыктаган, ачык айтып, акыйкатты сүйлөгөн адамдарды кысымга алып, куугунтуктоону күчөттү. Ошондой эле кайрылууда БЭКтин лидерлери А. Жекшенкулов, И. Исаков, Э. Каптагаевдин сот жоопкерчилигине тартылып, Э. Бөлөкбаев, У. Рыскулов жана С. Аргынбаевдин камалып жатышы, ЖК депутаты К. Кадыровдун үстүнөн кылмыш ишинин козголушу, дагы бир депутат М. Асанакуновдун сурак берип жатканы –мына ушунун баары –Кыргызстанда К. Бакиевдин жеке бийлигинин биротоло орногонун, ал бийликти мыйзам бузуулар менен басып алганын көрсөтүп турат деп жазылат.
Оппозициялык кыймыл мындан ары да Балыкчыда, Бишкекте, бүткүл Кыргызстанда жалган жалаа менен жоопко тартылып жаткан жарандарды бийликтин өкүмзордугунан коргоо максатында активдүү иш-чараларды жүргүзмөкчү. Эртең оппозициялык кыймылдын бардык мүчөлөрү камакта отурган жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн Балыкчы шаарында ири саясий акция өткөрмөкчү жана кыргызстандык жарандарды бийликтин кысымына каршы нааразылык иш-чараларына кошулуусун чакырган.

Кайрылуу ээлери 2007-жылы өткөрүлгөн Референдум менен парламенттик шайлоо, 2009-жылы 23-июлда болгон президенттик шайлоо мыйзамсыз, элдин добушун уурдоо жолу менен өттү деп белгилеп, азыркы президентти жана парламентти легитимсиз деп эсептешет жана кайрадан мыйзамдуу, ачык, таза шайлоо өткөрүү туура деп билдирет.

БШК 2009-жылы 23-июлда болгон президенттик шайлоодо азыркы жана мурдагы президент Курманбек Бакиев добуштардын 76% ээ болуп, утуп чыккандыгын жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG