Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Жугуштуу ооруларды токтотпогон жетекчилер иштен алынат


Бул туурасында вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаева «Азаттыкка» билдирди. Анын кебине караганда, бүгүн Өкмөттүн Ош шаарындагы көчмө жыйынында белгиленгендей, жугуштуу дарттардын ичинен СПИД оорусуна чалдыккандардын саны акыркы мезгилде түштүк аймактарында эки эсе көбөйдү. Мындан тышкары балдардын учук илдетине кабылышы өөрчүп бараткандыгы да кабатырлантпай койбойт. Ошон үчүн өз милдетине көңүлкош мамиле жасаган райондук жана облустук деңгээлдеги бир катар жетекчилер кызматынан бошотулмакчы. Бирок жыйынга катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, СДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиеванын баамында, мындай жол менен маселе чечилбейт. Отчет иретинде жылаңач фактыларды санагандан көрө жергиликтүү бийликти ички жана тышкы донорлор менен туруктуу иштешүүгө көндүрүү аркылуу гана жугуштуу ооруларды азайтууга болот. (ATo)

XS
SM
MD
LG