Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Венесуэла Түштүк Осетия менен Абхазияны таанымакчы


Латын-америкалык өлкөнүн президенти бул тууралуу Москвада президент Дмитрий Медведев менен жолугушууда билдирди. Уго Чавес орус президентин «Венесуэла бул жумурияттарды көз карандысыз өлкө деп таанууну бүгүндөн тартып караштырат» деп ишендирди.

Медведев Чавеске ыраазычылыгын мындайча билдирди:

- Биз ар дайым эл аралык мыйзамдын жаңы субъектилерин таануу же тааныбоо ар бир өлкөнүн өз иши деп эсептеп келгенбиз. Бирок биз албетте бул эки мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмеспиз, ошондуктан сизге бул чечим үчүн рахматымды айткым келет.

Буга чейин Түштүк Осетия менен Абхазияны Орусиядан башка бир гана Никарагуа тааныган.

XS
SM
MD
LG