Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Карабактын жанында армян аскерлери окко учту


Азербайжандын маалымат каражаттары азери армиясы менен аткылашта кеминде төрт армян аскери курман болгондугун кабарлашты. Аларга ылайык, куралдуу кагылыш Тоолуу Карабактын бир ыптасындагы Агдам ооданында орун алды. Бирок Азаттыктын армян кызматы Тоолуу Карабактын бийликтери мындай маалыматты төгүндөгөнүн билдирди. Карабактын армяндары Армениянын колдоосу менен 1990-жылдары Азербайжан менен согушта болгон. Убактылуу элдешүүгө 1993-жылы кол коюлган. Согуш аракеттеринде 30 миңдей кишинин каны төгүнгөн. Эки ортодогу чек арада атышуулар такай болуп турат.

XS
SM
MD
LG